Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Адвокат Юстиция министрлиги менен соттошууда


Бишкек шаардык соту бүгүн жаза өтөө мекемелер башкармалыгындагы маалымат таңсыктыгы боюнча берилген аппеляциялык арызды карайт. Арыз ээси Нурбек Токтакуновдун билдиргенине караганда аталган мекеме жаза өтөп жаткандардын тамак-ашына, тиричилигине, дары-дармегине кеткен чыгымдар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, Юстиция министрлиги өз буйругу аркылуу бул маалыматка купуялык макамын ыйгарган. Муну министрлик улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы менен негиздөөдө. Адвокат Юстиция министрлигинен аталган маалыматтын улуттук коопсуздукка шек келтирчү купуялыгын тастыктоочу далилдерди сурап жатат. Бул максатта адегенде Токтакунов мекемени Бишкек райондор аралык сотко берип, канагаттандырарлык жооп ала алган эмес. (BuS)

XS
SM
MD
LG