Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Тажикстан Мухамоди Салимзоданы берген жок


Кыргызстандык жаран Мухамоди Салимзоданы кайтаруудан Тажикстан баш тартты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда Тажикстан өз чечимин Салимзода мамлекеттин Конституциялык бүтүндүгүнө кол салууга аракеттенген деп негиздеди. Башкы прокуратура мурдараак Мухамоди Салимзоданы экстрадициялоону сурап Тажикстан тарапка кайрылган болчу.
Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери саналган Мухамоди Салимзоданы быйыл апрелде Тажикстандын Жогорку Соту мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды, тыңчылык жасады деп 29 жылга эркинен ажыраткан. Тажикстан жаңжалынын учурунда бул өлкөдөн чыгып кеткен Мухамоди Салимзода Кыргызстандын жарандыгын алган. Аны Тажикстандын атайын кызматтары былтыр августта Дүйшөмбү шаарына кызынын оюна барганда кармаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG