Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Ысык - Көл оюндары быйыл да өткөрүлөт


Өкмөттүн маалымат кызматынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, премьер- министр Игорь Чудинов эл аралык Ысык –Көл оюндарын “Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” деген ураан алдында жыл сайын өткөрүүнү караган токтомго кол койду. Оюндун жобосун иштеп чыгуу жана бекитүү Дене -тарбия, спорт, жаштар иштери боюнча агенттикке тапшырылды. Ал эми уюштуруу комитетин өкмөттүн вице –премьери жетектемек болду. Эл аралык Ысык –Көл оюндары 2001 –жылдан бери сегиз ирээт өткөрүлүп, ага Орусия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн спортчулары катышып келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG