Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Киев Медведевдин катына жооп даярдоодо


Орус президенти Дмитрий Медведевдин каты “агрессивдүү маанайда” жазылган деп билдирди Украинанын президенти Виктор Ющенконун катчылыгынын жетекчиси Вера Ульянченко. Анын айтымында, Медведевдин каты Украинанын президентине гана эмес, украин калкына да багытталган. Ульянченко орус бийлиги “эски имериялык комплекстердин барымтасында калды” деп айтты. Кабарларга караганда, расмий Киев Медведевдин украин бийлигине жолдогон катына жооп даярдап жатат. Медведев өзүнүн ачык катында Ющенкону былтыр орус-грузин согушу учурунда грузиндерге курак-жарак берген, 1930-жылдардагы голодомор окуяларын “Орусиянын тукум курут саясаты, геноцид” деп атап, тарыхты кайра жазууга далалат жасаган деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG