Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдырасулова билдирди. Өлкөнүн абак жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын ачкачылык жарыялаганына бүгүн төрт күн болду. Укук коргоочу А. Абдырасулованын айтымында, абак жайлардагылардын бул жолку ачкачылык акциясы өткөн айда Чүйдүн Вознесеновка айылындагы жаза өтөө мекемесинде нааразылык билдиргендерге каршы көрүлгөн чараларга байланыштуу болушу ыктымал. Ал эми жаза өтөө мекемелер башкармалыгы бул мааламытты тастыктай элек. (MSu)