Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Нарында жабыркаган альпинисттердин абалы жакшы


Бишкектеги травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчисинин орун басары Ильичбек Абылгазиевдин билдиришинче, кечээ реанимацияда жаткан эки альпинист бүгүн жалпы дарылоо палатасына которулду. Алардын бири Анастасия Ложкинага операция жасоо маселеси, эгер алар Бишкекте кала турган болсо, кийинки аптада чечилет. Азырынча альпинисттерди мекенине кайтаруу боюнча эч нерсе айтыла элек. Ал эми каза тапкан альпинист Александар Ивановдун сөөгү мекенине жөнөтүлүүгө даяр. 11-августта эртең менен Екатеринбург шаарынан саякаттап келишкен туристтер Кытай менен чектешкен Нарын аймагындагы Кызыл-Аскер чокусунун жанында муз сыныгынын алдында калышкан. Алардын бири каза таап, үчөө оор, бири жеңил жараат алган. (AzK)

XS
SM
MD
LG