Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Жөө жүрүш малында 15 күнгө камалгандар бошотулду


Бул тууралуу БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Саясатчынын айтымында, аны менен бирге 15 күнгө кесилген дагы 9 адам бошотулду. Ошондой эле Т.Тургуналиев кармап-камоолор боюнча дүйшөмбүдө маалымат жыйынын өткөрөөрүн айтты. 29-июлда Бишкектин Сыдыгалиев-Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде Т. Тургуналиев баштаган жоон топ шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жөө жүрүшкө чыгышкан. Алар борборду көздөй жылган маалда милициянын тосмосуна туш болушуп, натыйжада митингке чыккан жарандардын арасынан 70ке жакын адам камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен он чакты жаран 15 күнгө, айрымдары 7 күнгө камалышкан. Көпчүлүгүнө акчалай жаза салынып, жашы жете электерге эскертүү берилген. (MSu)

XS
SM
MD
LG