Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Зыяратчыларга чочко ылаңы коркунуч жаратат


Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаменти зыяратчыларды чочко ылаңы коркунучуна байланыштуу Мекеге барбоого чакырууда. Бирок департаменттин директору Төлөн Исаковдун айтымында, Меккеге барууда эч кимге тыюу салынбайт. Төлөн Исаков өлкөдө абалды көзөмөлдөп туруу үчүн Тышкы иштер министрлигине жана Туризм боюнча агенттигине кооптуу мамлекеттерге чыгып жаткан бардык туристтер туурасында маалымат берүүнү өтүнгөн кат жолдогонун билдирди. Кыргызстандын муфтиятынын маалыматында, быйыл ноябрь айында Мекеге зыярат кылууга 4500 кыргызстандык барары күтүлүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG