Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Балыкчыда камалгандар төңкөрүштү көздөшкөнбү?


Балыкчыда 23-июлда камакка алынгандардын туугандары президентке ачык кат менен кайрылышып, камалгандардын маселесин акыйкат чечип берүүнү талап кылышкан.

Президенттик шайлоо болгон 23-июль күнү Балыкчы шаарында нааразы болгон элдерди милиция кууп таркатып, ондогон адамдарды камакка алган. 24-июлда Балыкчы шаардык соту кармалгандардын ичинен 14 адамды тергөө амалдары бүткүчө 2 айга камакка алуу чечимин чыгарып, аны 7-августта Ысык-Көл облустук соту күчүндө калтырды.

Учурда камактагы 14 адам Балыкчы шаарында кармалып турат. Жаш өзгөчөлүктөрү жагынан алганда камалгандардын көбү отузга чейинки жаштар. Араларында 21 жаштагы бир кыз дагы бар.

Булардын туугандары бүгүн ачык кат аркылуу бийликке кайрылып, камалгандардын маселесин акыйкат, калыс чечип берүүнү талап кылышты. Маселе оңунан чечилбесе алар баш мыйзамда жазылган укуктарын колдонуп, митингдерди, жүрүштөрдү уюштурушмакчы.

“Ата-Мекен” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча төрагасы Райымбек Мамалжановдун айтымында, Балыкчыда камакта жаткандардын төртөө гана 30 жаштан өйдөкүлөр, калгандары 21-25 жаштын тегерегиндегилер. “Андыктан бул жаш балдарды мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп камоо акылга сыйбаган иш”,- дейт Р.Мамалжанов.

Ал эми камалгандардын жактоочусу Асан Молдогелдиев мындай дейт:

- Кылмыш жана жаза кодексинин 139, 233, 297-беренелери менен айыптар коюлуп атат. Мындайча айтканда оор кылмыш жасаган дегенге өтүп кеткен. Ар бир берененин мөөнөттөрүн алып көргүлө, он жылдан ашып кетип атат. Менин оюмча, негизи бул коюлган үч берене сотко барганда ордун таппайт. Анткени аларга далилдер керек да.

Балыкчылык Сакен Осмонкуловдун иниси Бакыт Асанакунов да 23-июлда камалгандардын арасында. Ал өз сөзүндө жаш балдардын күнөөсү жок экенин, даана мамлекеттик төңкөрүш жасагандар бүгүн бийликте отурганын айтат:

- Ай ушул балдарды неге ушинтишет. Же алар террорчу болбосо, же ошол жердеги терезелерди талкалап, сындырып, же бирөөлөрдү уруп-согуп, сабаса камашса болмок, мамлекеттик төңкөрүш кылган жатышат деп. Мына жанагы ак үйдү деле төрт-беш жыл мурда талкалап, Акаевди, бүт барын кубалап жибергендер президент болуп отурушпайбы. Эми бул балдар бирөөнү урдубу, соктубу, талкаладыбы..?

“Ата-Мекен” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча төрагасы Райымбек Мамалжановдун айтымында, шайлоо өткөнүнө бир топ болуп калса да ушул күндөрү Ысык-Көлдө оппозиция тараптагы жарандар куугунтукка алынууда:

- Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында коопсуздук кызматынын (УКМК), милициянын кызматкерлери элдерди коркутуп атышат. “Камалат, соттолот” дешип. Бул сыяктуу иштер айрыкча коопсуздук кызматы менен Балыкчы шаарындагы ички иштер кызматындагылар тарабынан көп болуп жатат. Балыкчыдагы ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Кандыбек Дегенбаев көптөгөн адамдарды куугунтуктап, кээ бирлери үйүнө жатпай качып жүрүшөт.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, эгер күнөөсү далилдене турган болсо камалгандардын жаш экенине карабай, баары соттолушу керек. Ошондой эле депутаттын ишениминде, алардын ишин карап жаткан сот, прокуратура өкүлдөрү болушунча таза, так иштегенге аракет кылышат:

- Эми алар деле мыйзам негизинде карап, мыйзам чегинде жоопко тартат. Күнөөсү жок эле адамды алар деле жоопко тарта албайт. Анткени кийин өздөрү ошол кылган иштери үчүн айып тартып калыштары мүмкүн. Ошондуктан бул ишти кылдат караш керек да.

Ал арада бүгүн Бишкек шаарында 29-июль күнү камалган Топчубек Тургуналиев баш болгон тогуз адам бошотулду. БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Т.Тургуналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, 15 күн камалып чыккандар атайын кайрылуу менен чыгып жатышканын билдирди:

- Кармалгандар, саясий туткундар элге кайрылуу жасап атабыз. Президенттик шайлоо жана Кыргызстандагы бүгүнкү абалга баа бердик. Ал баабыз төмөндөгүдөй: “Авторитардык бийлик жүрүп отуруп тоталитардык диктатурага айланды. Ал эми жөнөкөй куугунтук өзүнчө эле саясий террорго, саясий репрессияга айланды” деп баа бердик. Андан тышкары, “Элибизди бул бийлик, Бакиевдин шылуундары, зөөкүрлөрү сындыра албайт, бүктөй албайт, чөгөлөтө албайт. Демек эртең же бүрсүгүнү жеңиш сөзсүз болот” деген тыянакты айттык.

Ошентип Бишкекте камалгандардын алды 15 күн абакта жатып чыгышкан болсо, Балыкчы шаарында камалгандар дале камакта. Алардын мойнуна оор кылмыштардын катарын кирген 139, 233, 297-беренелер илинүүдө. Булар негизинен “Массалык башаламандык уюштурган”, “Бийликти күчкө салып тартып алууга аракет кылган” деген сыяктуу беренелер. Учурда тергөө амалдары соңуна чыгып, жакынкы күндөрү сот болору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG