Дагестандын Буйнакск шаарында 10 кишини өлтүргөн кылмышкерлерди издөө иштери уланууда. Милиция кылмышкерлерди токойдо издеп жатышат. Бул кылмышты иликтөө үчүн Дагестанга Москвадан атайын адистер жөнөп кетишти. 13-августта кечке жуук куралдуу топ милициянын бекетине кол салган. Ок атышуудан 10 киши набыт болду.