Украинанын президенти Виктор Ющенко Орусиянын лидери Дмитрий Медведев жолдогон катты “достукка жатпай турган” деп баалады. Медведев өзүнүн ачык катында Ющенкону былтыр орус-грузин согушу учурунда грузиндерге курак-жарак берген, 1930-жылдардагы голодомор окуяларын “Орусиянын тукум курут саясаты, геноцид” деп атап, тарыхты кайра жазууга далалат жасаган деп күнөөлөгөн. Медведев интернеттеги баракчасында Ющенко эки тараптуу мамилелерге доо кетирип жатканын айткан.