Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Тайванда куткаруу иштери жүрүүдө


Тайвандын президенти “Моракот” деген тайфундан каза болгон адамдардын саны 500гө жетиши ыктымал деп билдирди. Буга чейин бийликтер 300дөй кишинин өлгөнүн айтышкан. Азырынча 117 кишинин өлүмү бышыкталды. Тайфун сел жана жер көчкүгө алып келди. Сяолин айылында 100дөгөн адам тирүү бойдон ылай топурактын алдында калды. Куткаруу иштерине 20 миңдей аскер тартылды. Бирок бир катар күбөлөр бийлик тез чара көрбөй, куткаруу иштери жай жүрүүдө деп арызданышууда. Оппозиция президентти жана өкмөттү сынга алды.

XS
SM
MD
LG