Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Медведев менен Меркел соода алакаларын талкуулашты


Орус президенти Дмитрий Медведев жана Германиянын канцлери Ангела Меркел глобалдуу экнономикалык кризиске карабай, эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмүн артыруу үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөр бар деп билдиришти. Сочидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн пресс-конференцияда Медведев “Түндүк Агым” газ кууру Россия менен Германия ортосундагы кызматташтыктын жакшы мисалы болуп бере алат деди. Куур 2011-жылы ишке киргизилет деп күтүлүүдө. Ал аркылуу Германияга жылына 55 миллиард куб метр газ жеткрилип турмакчы. Меркел болсо Чеченстанда жакында киши колдуу болуп өлгөн укук коргочуларга байланыштуу маселени козгогонун айтып берди. Анын айтымында, андай кылмыштар катуу айыпталууга тийиш. Орус президенти ал кол салууларды Кавказдагы кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн “саясий өлтүрүүлөр” деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG