Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

А. Жекшенкулов ооруканага жатты


Бул тууралуу “Азаттыкка” экс-министрдин аялы Айдай Жекшенкулова билдирди. Учурда “Воронцовка” ооруканасында дарыланып жаткан Аликбек Жекшенкуловго үй-бүлө мүчөлөрүнөн башка эч ким менен көрүшүүгө жана сүйлөшүүгө тыюу салынган.
Аялынын айтымында Жекшенкуловдун абалы азыр канаатандыраарлык. Экс-министр жана оппозициялык саясатчы кызматынан кыянат пайдаланды, түрк ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар деген айыптардын негизинде быйыл 9-мартта Коопсуздук Комитетинин камагына алынган. Ага каршы козголгон кылмыш иштери Биринчи май райондук сотунда каралууда. (SA)

XS
SM
MD
LG