Юнусбек Евкуровго машинени расмий Москва мамлекеттик казынанын эсебинен алып бериптир. Евкуров 22-июнда машинесине коюлган бомбанын жарылуусунан катуу жаракат алып, Москвадагы ооруканага жаткырылган эле. Ушул айдын этегинде ал кайра Ингушетияга кайтат деп күтүлүүдө. Жаңы машинеси түрдүү жардырууларга туруштук бере ала турганы айтылды.