Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Газада палестиндик топтор атышышты


Андан кеминде 22 адам өлдү, 150 киши жаракат алды. Газаны көзөмөлдөп турган “Хамас” тобу билдиргенине караганда, алар менен атышкан “Жунд Ансар Аллах” деген топтун башчысы Абдел Латиф Муса да окко учкан. Атышуулар жума күнү башталган. “Жун Ансар Аллахтын” 100дөй мүчөсү мечитке чогулуп, Газада шариаттын мыйзамдарын орнотуп, эмират түзөбүз деп жатышканда, "Хамастын" куралчан адамдары мечитти тороп калган. Атышуулар эки күн бою жүрдү.

XS
SM
MD
LG