БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров бүгүн жыйында сүйлөгөн сөзүндө оппозиция шайлоону уюштура албады, элдин добушун сактай алган жок, оппозиция лидерлеринин бардыгы эле элге күйө бербестигин президенттик шайлоо далилдеди деп билдирди. Анын пикиринде БЭК жаңыланууга, уставын, саясий кеңешти кайра түзүүгө муктаж. БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев элеттерде оппозициянын уютку топторун негиздөө аркылуу оппозицияны күчтөндүрүү зарыл деди. Азимбек Бекназаров БЭК мүчөлөрүн жаңыртышы мүмкүн, бирок, жоюлбайт деп ишендирди. Учурда БЭК президенттик шайлоодон кийин уюштуруу маселелери боюнча алгачкы жыйынын өткөрүп жатат.(BuS)