Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Ооганстанда бүгүн шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү


Ооганстанда президенттик шайлоо 20-августка белгиленген. Бүгүн Кабулда мурдагы тышкы иштер министри, президенттикке талапкер Абдулла Абдуллага колдоо билдирип, миңдеген киши демонстрацияга чыкты. Байкоочулар Абдулла Абдулланы азыркы президент Хамид Карзайдын негизги атаандашы деп аташууда. Кечээ Ооганстандын тарыхында алгачкы ирет учурдагы президент Хамид Карзай шайлоодогу эки атаандашы менен түз ободогу теледебатка катышты. Эки саатка созулган талкуу Ооганстандын мамлекеттик телеканалы менен Эркин Европа/Азаттык радиосунда түз ободо чагылдырылды.

XS
SM
MD
LG