Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:17

"Жолборс теричен баатыр". Сүйүү шыкак берген котормо


Алыкул Осмоновдун май боёк менен тартылган картинасы.
Алыкул Осмоновдун май боёк менен тартылган картинасы.

Алыкул Осмоновдун котормосундагы грузин акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасы 10-ирет басылып чыкты. Жыйнак Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына, котормонун 85 жылдыгына арналып, бет ачары Грузиянын эгемендик күнүн утурлай, 25-майда Бишкекте өттү.

Орто кылымдарда жашап өткөн грузин акыны Шотанын белгилүү дастаны учурунда котормочуга чоң атак алып келип, кыргыз коомуна кеңири жайылган. Чыгарманы 21-кылымдагы окурман кандай кабыл алды? Поэма кыргыз коомуна эмнеси менен баалуу?

Армандуу махабаттан улам которулган чыгарма

"Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасын кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов болгону 24 жашында которгон. Азыр да адабий чөйрөдө акын айтылуу грузин дастанын 1938-жылы май айында которо баштап, бир жылга жетип-жетпей бүткөнү айтылып жүрөт. Ошентип китептин алгачкы кыргызча котормосу 1940-жылы Казан шаарында латын арибинде басылып чыгып, кыргыз окурмандары сүйүп окуган чыгармага айланган.

Адабиятчы Рысбек Эшматов жаш Алыкул грузин элинин орто кылымдагы атактуу акыны Шота Руставелинин кылымдарды карыткан дастанын ийгиликтүү которуусуна армандуу махабаты себеп болгонун айтууда:

Рысбек Эшматов.
Рысбек Эшматов.

“Аны Алыкул Осмонов өзү фактылар менен жазып калтырган жайы бар. Муну алыкул таануучулар дагы көп жазган. Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агайдын Алыкул тууралуу “Ыр сабындагы өмүр” аттуу эссе-повестинде да акындын армандуу ашыктык баяны айтылат. Бул төмөнкүчө болгон экен. Осмоновдун Илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда архиви сакталып турат. Ал жерде кызыл түстөгү папкасы бар. Анда 1937-жылы өз колу менен жазылган сырты чаар, жука дептери бар. Четин чычкан жеп кеткен. Акын ага 1937-жылдан баштап 8-9 ай бою чоң сүйүүнү башынан өткөргөнүн романтикалуу сезимдер менен жеткире жазган. Бирок ошол сүйүүсү армандуу сүйүүгө айланат. Себеби, 1937-жылдын аягында ал дептеринде сүйгөнү Айдайга нааразы болгон, андан көңүлү калган ыр саптары жазыла баштаган. Анан өзү да "Жазуучулук баяным" деген эскерүүсүндө "1938-жылдын майында биринчи сүйгөнүм Айдай Жигиталиева менен эки айрылыш жолго түшкөн болчумун, анын себебин ушул күнгө чейин өзүм да билбейм" деп жазат. Анан акын кризиске кабылып, намыстанып, “Жолборс терисин кийген баатырды” которууну туура көргөн. "Жазуучулук баянында" андан ары "Өз ичимден бул күйүттөрдү басуум керек жана өзүмдү таанытуум керек деп коём да бардык намысым менен иштейм. Поэмадан ажырай албайм. Көп убакта таң атканча олтурам. Окуйм, котором, таң калам, кубанам. Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм" дейт".

Алыкул Осмоновдун "Жолборс терисин кийген баатыр" котормосунун ушул кезге чейин чыккан бир канча басылмасы.
Алыкул Осмоновдун "Жолборс терисин кийген баатыр" котормосунун ушул кезге чейин чыккан бир канча басылмасы.

"Сүйгөнүң Тинатиндей, досуң Автандилдей болсо"


"Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасында аруу сүйүү, бекем достук, жакшылыктын түбөлүктүүлүгү, жамандыктын утурумдук мүнөзү кеңири баяндалат. Руставелинин баатырлары таалайлуу жашоонун ачкычы - алар жакшылык үчүн өмүрүн сайып күрөшөт жана жамандыкты жеңет. Бак-таалайдын, сүйүүнүн күчү каармандар баштан кечирген азап-тозок менен ченелет. 1940-жылдардан кийин кыргыздарда поэмадагы башкы каармандар - Автандил, Тариел, Тинатин, Дарежан, Рустеван деген ысымдар көп коюлган.

Алыкул өзү да бул тууралуу жогоруда кеп болгон күндөлүгүндө котормосундагы каармандардын ысымын эл ичинен арбын уга баштаганын жазып, демек эмгегим элге жагыптыр деп кубанган экен.

Чыгарманы бүгүнкү күндө да кызыгып окуган жаш муун арбын.

Маселен, Бишкек шаарынын тургуну Тариел өз ысымын чоң атасы чыгарманын урматына койгонун, өзү да "Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасын кызыгып эки-үч жолу кайталап окуп чыкканын айтты:

"Менин да ысымым ушул чыгармадагы каармандын атынан коюлуп калганы кызык. Атым өзүмө да жагат. Эми окурман катары пикиримди айтсам, бул чыгарманын эң маанилүү жери - Тинатин менен Тариелдин сүйүүсү жана Тариел менен Автандилдин достугу. Чыгармада так ушул достук, сүйүү сыяктуу ыйык мамилелер абдан сонун берилген. Ошол эле убакта бул жерде Тариелдин Тинатинди издеп чыккан сапарында элге, жерге болгон сагынычы ага зор күч тартуулайт. Демек мекенчилдик сезимиңди да ойгото алат. Ушул чыгармадан алган таасирим: Бул жашоодо досуң болсо, Автандилдей, сүйгөнүң болсо, Тинатиндей болушу керек дейт элем. Элге-жерге да Тариелдей күйө алсак кана, аттиң! Айтор менин чыгармадан алган таасирлеримди айта берсем өтө көп".

"Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасынын алгачкы жана жаңы басылышы.
"Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасынын алгачкы жана жаңы басылышы.

"Биздин төл чыгармадай окулат"

Адабиятчы Ризван Исмаилова чыгарма акын тарабынан эркин которулганына карабай, түп нускадагы темаларды, окуянын сюжетин, каармандардын иш-аракеттерин өзүндөй ачып берген деди:

Ризван Исмаилова.
Ризван Исмаилова.

"Котормодогу ыр саптарынын саны оригиналдагы ыр саптар менен да бипбирдей. Мен аны атайын карап чыккам. Анан ушул чыгарманы кыргыз акындарынан Алыкулдан башка эч ким даап которгон жок. Мунун өзү эле котормочунун мыктылыгын айгинелеп турат. Орус тилин мыкты билген Алыкул акын поэманы эркин, шыр, анан окурманды элирте тургандай которгон. Айрыкча Тариелдин эрдигин сонун сүрөттөгөн. Бул котормо биздин кыргыздын төл чыгармасындай окулат. Анткени анда кыргыздын дили, дүйнө таанымы, баатырдык касиеттери, кең пейилдиги, жан дүйнөсү жуурулуштуруп берилген. Ошондуктан чыгарма элге тез алынып, колдон колго өтүп окулду. Эгерде калемгерден сүйүүгө терең, табигый, чын жүрөктөн мамиле жасалганда гана мыкты шедеврлер жаралат деп ишенем. Ошондуктан бул чыгарманы бүгүнкү күндөгү сүйүүгө болгон мамиле менен да салыштырып карасак болот. Анткени адамзат канча кылым жашаса деле ар бир доор, кылым сүйүүгө өзүнчө мамиле жасайт эмеспи”.

"Жолборс теричен баатыр"

Алыкул Осмоновдун котормосундагы грузиндердин XII кылымда жашап өткөн акыны Шота Руставелинин "Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасы жакын арада 10-ирет басылып чыкты. Бирок аталышына бир аз өзгөрүү кирип, "Жолборс теричен баатыр" деген аталышта жарык көрдү.

Алыкулдун бул эркин котормосу 1940-жылы латын тамгасында чыгарылган алгачкы котормо китебине салыштырылып, толукталып, оңдолуп басылган экен.

Жыйнак Алыкул Осмоновдун кийинки жылы келе жаткан 110 жылдыгына, котормонун 85 жылдыгына арналып, бет ачары Грузиянын эгемендик күнүн утурлай, 25-майда Бишкекте өттү.

“Улуу тоолор” басмаканасынан 500 нускада чыккан китепке Грузиянын Кыргызстандагы элчилиги каржылык көмөк көрсөткөн.

Китепти "Алыкул үйү-борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси, алыкултаануучу Памирбек Казыбаев редакциялап, басууга даярдаптыр.

Ал поэманын котормосу Алыкулдун бийик котормочулук дараметин эле далилдебей, кыргыз тилинин бай экендигин далилдеген чыгарма болуп калды дейт:

Памирбек Казыбаев.
Памирбек Казыбаев.

"Котормонун деңгээли ушунчалык жогору болгон. Анткени Шотанын бул поэмасы Алыкулга өтө таасир эткен экен. Анан көпчүлүгү чыгарманын бийиктигин акындын биринчи махабатына жетпей калганына байланыштырып, ошол өкүтүнүн күчү менен жазган деп жүрүшпөйбү. Бул туура. Ошол эле убакта, менимче, акын чыгарманы которуп жаткан кезде армандуу махабаты менен чыгармачыл деминин бийик учуру шайкеш келип калган. Экинчиден, ушул котормо Алыкулдун акындык деңгээлин жаңы бийиктикке көтөрдү. Анан поэма кыргыз тилинин канчалык бай экенин, мазмундуу экенин далилдеген кыргыз адабиятындагы мыкты чыгарманын бири болуп калды".

Тбилисидеги Шота Руставелиге орнотулган эстелик.
Тбилисидеги Шота Руставелиге орнотулган эстелик.

Грузин элинин акыны Шота Руставели 1160-65- жылдардын аралыгында туулган. Ал өз доорунун эң билимдүү бекзадаларынын бири болгон. Орто кылымдык араб, перс адабиятына, байыркы грек ойчул акындарынын чыгармаларына жана христиан философиясына бала кезден сугарылган.

"Жолборс терисин кийген баатыр" дастанынын өзүнүн баштапкы варианты бүгүнкү күнгө жеткен эмес. Кол жазма варианттардын негизинде 1712-жылы грузиялык падыша Вахтанг VIнын демилгесине ылайык биринчи жолу китеп болуп чыгат. Азыркы дастан грузин тилиндеги 50дөн ашык вариантынын негизинде түзүлгөн экен.

Алыкул Осмоновдун үй музейинин учурдагы абалын видеодон көрө аласыз.

Алыкулдун үй-музейин жаңылоо: убада көп, аракет аз
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:09 0:00

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG