Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

К. Абдымен: Оппозицияга жаңы лидерлер керек


Оппозициянын жаңылануу аракеттери саясий турмушка чоң өзгөрүү апкелет дегенге азыр эрте деп эсептейт саясий эксперт Кубан Абдымен.

- Кубан мырза, бир топ тыныгуудан кийин БЭК кайрадан коомчулуктун алдына чыкты. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, жыйын өткөрүштү. Бул жыйында БЭК жаңыланууга муктаж деген нерсени алдыга чыгарышты. Эгер жаңылана турган болсо, БЭК кандай жаңыланууга муктаж?

- БЭК кыймылдын жыйыны бүгүнкү күндө Кыргызстанда күтүлүп жаткан саясий окуя деп айтсам болот. Президенттик шайлоодо оппозициянын жетишкен “ийгиликтери” бул бир гана оппозициянын эмес, бүткүл коомчулукту ойлондуруп жатат. Анткени Кыргызстандын саясий турмушундагы оппозициянын ойной турган ролу позитивдүү жана конструктивдүү болуу зарылдыгы келип чыкканына көп убакыт болду. Муну бийлик тараптагылар өзүлөрү да моюнга алып атат. Акыркы убакта бийлик тараптагылардын аракеттерине жараша жаңы бир оппозиция түзүлсө дегендей айтылган сөздөр дагы угулуп калып атат.

Андыктан жаны түзүлгөн саясий кырдаалда Кыргызстандын оппозициясы өзүн кандай алып баруусу зарыл, азыркы жетекчилиги азыркы күндүн талабына, турмуштун ыңгайына карап иш алып барабы, же мурдагыдай эле жалаң эле куру сөз менен элди өзүнө көңүлүн буруп, бирок ишке келгенде жыйынтыгы жок, элди канаттандырбай тургандай бир айтылган ураандар менен гана багып келеби дегендей суроо туулуп келген эчактан бери.

Ошондуктан бүгүнкү жыйында айтылган сөздөрдө абдан проблемалуу маселелер козголду. Ошого жараша кабыл алынган чечимдери дагы азырынча туура багытта болгондой болуп сезилип атат. Бирок жыйынтыгы БЭКтин жаңы кабыл алына турган жобосуна ылайык болот деп ойлойм.

Эгерде бүгүнкү чечимдин аягына чыга тургандай кадамдар ишке ашса, анда БЭКтин штабындагы бир топ адамдардын ордуна жаш, жаңы муундун өкүлдөрү келип кошулса, Бириккен элдик кыймылы жаңы багыттагы саясий кадамдарга бара тургандай мүмкүнчүлүк алууга жол ачылды деп айтсак болот.

-Сиз кандай деп ойлойсуз, бүгүн СДП фракциясынын башчысы, президентикке талапкер Алмаз Атамбаевдин штаб башчысы Бакыт Бешимов негизги доклад менен чыгып сүйлөшү зарыл экен. Бирок ошол жыйынга Бакыт Бешимов келбей калыптыр. Муну сиз кандай чечмелейсиз, БЭКтин мүчөлөрү өздөрү муну жүйөлүү себеп деп түшүндүрүп атышат?

- БЭКтин мүчөлөрүнүн айтышына караганда жүйөлүү себеп болушу мүмкүн. Бирок шайлоодон кийин түзүлгөн кырдаалды карап көрсөк, оппозициянын жетекчилерине, өзгөчө Атамбаевдин шайлоодогу штаб жетекчилигинде турган Бакыт Бешимовдун атына айтылып жаткан бир топ сындардын бардыгын эске алганда, Бешимовдун катышпай калгандагысы жүйөлүү себеп деп тырмакчанын ичинде айтсак болот.

Ал эми чындап келгенде шайлоонун жүрүшү боюнча өзүнүн докладын жасаганда көп кыйынчылыктарга душар болобу деген чочулоо болгон үчүн барбай калды го деп ойлойм. Эгерде шайлоонун жүрүшүндөгү, ага чейинки болгон саясий кырдаалдагы айтылган сөздөрдү, ураандарды, анын арасында Бакыт Бешимовдун шайлоо күнүдөгү өткөргөн пресс-конференцияда шайлоо процессинен чыгып кетүү тууралуу демилгени мен өзүм көтөрүп чыккам деп айткандагысы, бул албетте абдан кызуу кандуулук менен айтылган сөзгө окшоп калгандыгысы кийин белгилүү болуп калды. Ошондуктан ушундай туура эмес одоно каталарга жооп бере тургандай мүмкүнчүлүк издегенге Бешимов мырза туруштук бере албай калгандыгы үчүн барбай калды го деп ойлойм.

- Оппозициялык лидерлер бүгүн ошондой эле кыймылдын негизги талылуу маселелеринин бири бул кыймылдын курамында ар кайсы партиялардын, ар кандай көз караштагы саясий күчтөрдүн мүчө болушу, экинчиси каржылык маселе деп белгилеп атышат. Эми ошол жаңы даярдала турган жобо ушул кыймылды сактап калалабы. Себеби кыймыл жоюлбайт деп ишенимдүү айтып атышат?

- Кыймылды сактап кала тургандай мүмкүнчүлүк бар. Бирок ал мүмкүнчүлүктү толук колдонуш үчүн азыркы учурдагы лидерлеринин бир тобу орундарын бошотуп, жаңы келаткан муунга арнап, жаңы кадамдарга бара тургандай адамдарды алып келбесе, албетте, азыркыдай тыгылган бойдон эле кала берет.

Жобонун кабыл алынышы 15 күндө болот деп айтылып атат. Бирок менин күмөн санай турган чоң нерсем, ушул жобонун башында азыркы БЭКтин жетекчилеринин бири Бекназаровдун тургандагысы. Бирок ошол эле учурда Ата мекен» партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Жоомарт Сапарбаевдин кошулуп калгандагысы бүгүнкү күндүн талаптарына ылайыктуу көз караш деп ойлойм.

Ошого жараша жобонун түзүлүшү дагы катуу талкуу болгон күндө дагы бүгүнкү күндүн талабын өзүнө камтыйт деген ойдомун. БЭКтин курамына кирген азыркы учурдагы 5 партия болобу, 6 партия болобу, баары кошула тургандай чечим кабыл алынса, анда албетте БЭКтин мындан кийинки ишмердиги бир нукка түшөт деген ой бар.

Бирок финансылык жактан алып караганда бул акча каражатка бай партиялар бар болгону менен алардын жетекчилеринин ортосундагы пикир келишпестик ушуга чейин көрүнүп турат. Анын далили катары Атамбаев менен Сариевдин президенттик шайлоого катышкандагы атаандаштыгы чоң мисал болуп калды десек болот.

Ошонун жыйынтыгын алып караганда капчыгы калың саясий ишмерлер, өзгөчө оппозициянын катарындагылар биригет, каражаттарын бир багытта сарптап, анын жыйынтыгында Кыргызстандын саясий системасына чоң өзгөртүү апкелет деп айтканга азырынча эрте деп ойлойм.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG