Нарын шаарынын борборуна Борбордук Азия Университетинин баш корпусу курулуп жатат. Аны тендерден уткан «Чайна Синь Цзянь Чжунтай Энджиниаринг КО» ишканасы куруп жатат. Ар кандай кара жумуштарга кыргыз жаштары да тартылган. Келишим түзгөндөрү менен жумуш берип жаткан кытайлык компания айлыктарын бербей жаткандыгы жөнүндө үч адам Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылышты.
Биз ал жерге барып иштебей топтолуп турган жаштарга кайрылдык. Руслан аттуу жигитке кошо жарышып нааразы болгон жаштар буларды айтышты:
-Cаатына 30 сомдон болчу келишимде. Азыр 25 сомдон беребиз деп атышат. Саатына 100 сом болсо да, бул жумуштун оордугунан эч ким туралбайт.
Курулуштун прорабы Жекшенбай Исмаилов дагы кытайлык ишкана жумушчулардын эмгек акысын төлөбөй жатканын ырастап, өзү да акча ала электигин билдирди.
Рахат Жээналиев крандан иштеп кырсыктаган экен, үч күндөн бери ооруканадан чыгып келип акысын күтүп жүрүүдө:
-Белден өйдө кыпчып кетти. Ооруканага жатканымды төлөдү. Азыр дене боюм ооруп атат. Азырынча жакшы боло элекмин. Бүгүн айлык берет дегенден эле келдим. Азыр айлык ала элекмин.
Нааразы балдар эч ким жардам бербесе кытайлыктарды сабай турганын эскертип айтышты. Алар качып кетет деп автоунаа менен кетип жаткан кытайлыктарды тосуп калышты. Кытайлык инженерге жумушчулардын маселеси жөнүндө суроо узаттык:
-Бизге шпаклевщиктер келип иштешти. Биздин талап боюнча иштей албай коюшту. Анан эмне үчүн мен аларга айлык акы төлөйт элем,-деп жооп берди инженер.
Акыйкатчынын өкүлү Тойгонбай Жаанбаев ага жумушчулар атайын арыз менен кайрылганын ырастап, бул маселеги кийлигишип жатканын билдирди:
-Атайын расмий түрдө кат менен кайрылдык. Жообун берсин бизге. Булардын иштегенине бир жыл болду. Бир жылдан бери иш берүүчү биздин мыйзамды билиш керек болчу, эгерде бтлбесе бир юрист таап алууга милдеттүү болчу. Экинчиден, биздин эмгек кодекси боюнча 8 сааттык иш күн, эки күн эс алат. Эгерде эки күн, же майрам күнү иштесе эки эсе төлөнөт. Келишим боюнча билбейт экемин. Элди нааразы кылбай законду сактасын.
Жумушчулар Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнөн сырткары шаардык прокуратурага да кайрылышкан. Нарын шаарынын прокурорунун жардамчысы Улан Жалилов өзү да келип, нааразы жумушчулардын арызын угуп, кытайлык инженер Маа Жуванжды чакырып кетти.