Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ингушетиядагы жардыруудан 20 киши каза тапты


Дагы 130тан ашуун адам жаракат алды. Жардыруу кечээ Назран шаарында жасалды. Жанкечти айдаган жүк ташуучу автоунаа жергиликтүү милиция бөлүмүнүн дарбазасын сүзгөн. Курман болгон кеминде 20 адам - милициянын кызматкерлери. Орус президенти Дмитрий Медведев бул окуядан соң Ингушетиянын ички иштер министрин кызматтан бошотуп, кол салууну алдын алалбаганы үчүн милициянын өзү да жоопкер экенин белгиледи. Бул Ингушетияда акыркы жылдардын эң кандуу кол салуусу болуп калды.

Орус ички иштер министри Рашид Нургалиев бүгүн таңга маал Ингешетиянын антитеррордук комитетинин жыйынына катышты. Анын айтымында, бийлик республикада стабилдүүлүктү жана копсуздукту камсыз кылуу үчүн кошумча чараларды көрөт жана кол салуу үчүн жоопкерлерге каршы сокку урат.

Бул аралыкта Ингушетияга коңшу Дагестандын борбору Махачкалада кечээ кечке жуук жол боюна көмүлгөн бомбанын жарылуусунан бир милиционер каза таап, үчөөсү жаракат алды.

XS
SM
MD
LG