Бул тууралуу ЕККУнун бишкек кеңсесинин башчысы Эндрю Тесорьер менен Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиевдин жолугушуусунда макулдашылды. Осмоналиев жолугушууда Кыргызстандагы диний кырдаал, муктаждыктар, мүмкүнчүлүктөр жана проблемалар тууралуу маалымдады. Тесорьер өз сөзүндө агенттикке терроризм, экстремизм, радикализм коркунучтарына каршы күрөштөгү агенттиктин ордун баалап, ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ЕККУ кеңсеси тараткан маалыматта айтылат. Кеңсенин маалыматына караганда Дин иштери боюнча агенттик менен ЕККУнун Ош бюросу 2002-жылдан бери динэркиндиги, дин боюнча мамлекеттик кыщматкерлердин укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү колдоо жаатында тыгыз кызматташып келатат. (BuS)