Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Түштүк Кореянын мурдагы президенти көз жумду


Сеулда Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ким Дэ Чжун көз жумду. 83 жаштагы Ким Дэ Чжун өткөн айда оор абалда ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын кабарлашынча, мурдагы президент жүрөк оорусунан улам көз жумган. Ким Дэ Чжун 1998-жылдан 2003-жылга чейин Түштүк Кореянын президенти болгон. Ал Түндүк Корея менен биригүү үчүн жасаган аракеттери үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG