18-августа өкмөт жыйынында өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдовдун билдирүүсүнө караганда, Казакстан Кыргызстандан кошумча 250 миллион килловат саат электр энергиясын сатып алууну макулдашты. Өткөн жылы Кыргызстанга берилген көмүр жана карамай үчүн Астана быйыл 543 миллион килловат саат электр энергиясын алат. Ошону менен Кыргызстан жалпысынан Казакстанга быйыл 800 миллион килловат саатка жакын электр энергиясын сатмакчы.(AiT)