Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Нуралыктар кыйраган үйлөрдүн бүтө электигине капа


Алай районундагы Нура айылында былтыр 5-октябрда болгон жер титирөөдөн айыл дээрлик кыйрап калган эле. Быйыл 15-августка чейин кыйраган турак-жайларды бүткөрүү пландалганы менен 151 үй дагы деле бүткөрүлө элек. Буга тынчсызданган Нуралыктар дагы бир жолу бийлик өкүлдөрүн алардын маселесине көңүл бурууга чакырышууда.

Мындан бир канча күн мурда Нура айылынын тургундары жол тосконго чейин барышып, турак-жайларын кышка чейин бүтүрүп берүүнү талап кылышкан. Ал жердеги турак-жайларды куруу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигине тапшырылган эле. Агенттиктен курулуш жүрүп жатканын, кышка чейин турак-жайларды куруп бүтүүгө аракет кылышарын билдиришүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен болсо, Нура айылы боюнча аларга тапшырылган милдеттерди 95 пайыз аткарып бүтүшкөнүн билдиришүүдө. Аталган министрликке кыйраган айылдын жолдорун салуу, суу түтүктөрүн киргизүү, электр менен камсыз кылуу жана мончо салуу тапшырылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG