Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Таласта балдар эмнеден ууланды?


Таласта ууланып оор абалда ооруканага жеткирилген үч бала сакайып чыкты. Бирок дарыгерлер балдардын эмнеден ууланганын тактай албай жатышат.

Талас шаарынын Гоголь көчөсүнүн жашоочулары Бектур Оморбеков, анын үйүнө Талас районунан конокко келген Нуркыз Шекербекова жана ошол эле көчөдө жашаган Эркин Соотбеков аттуу 4-5 жаштагы балдар 8-август күнү баары бир учурда оор абалда айырмасы жарым сааттан облустук ооруканага жеткирилет.

Ата энелери балдар үйдүн жанындагы агып жаткан арыктан суу ичишип, ошондон ууланышты деп божомолдошууда. Бул тууралуу Бектур Оморбековдун апасы Элиза Узубекованы кепке тартканыбызда, ал көзүнө жаш алып, баласынын ден-соолугуна кабатыр болду:

-Сегизи күнү үч балабыз эшиктин алдында ойношкон, алар арыкта суу ичкенин көргөндөр болуптур. Биздин үйгө эжебиздин кызы келген, ал дем-алыш күнү эртең менен шалдырап, шилекейи агып, өзүн-өзү кармай албай калды. Түштөн кийин аны жөнөттүк ооруканага, андан кийин өзүбүздүн балабыз ооруп баштады ошондой болуп. Кечке маал кошунабыздын да баласы ошондой болуп ооруканага кайрылды. Дарыга ууланды деп чыгарыптыр, бирок биздин үйдө эч кандай дары жок.

Балдар ооруканага жеткирилген соң алар өтө оор абалда болгондуктан облустук оорукананын башчысынын орун басары Рустам Байгараев өзүнүн менчик автоунаасы менен эки ашууну ашып, балдарды Бишкектеги ооруканага алып барат. Балдар ал жакта реанимацияда бир жума жатышып, ушул айдын 18де ооруканадан чыгарылган.

Талас облустук биргелешкен оорукананын башчысы Шаршенбек Жумашалиев балдардын ден-соолуктары бүгүнкү учурда жакшы экенин айтып, бирок ушул күнгө чейин балдар эмнеден ууланышканы такталбай келүүдө дейт:

-Биз билбедик кандай ууланганын. Азыркы маалга чейин билбейбиз. Ал жактагылар да али жыйынтык чыгара алышпай атышат. Алар дары ичкен дегенге токтолуп атышат. 5 жарымдагы бала биз дары ичтик деп айтыптыр. Бирок суудан андай уулануу болбош керек эле деп ойлойбуз.

Талас райондук жана шаардык эпидемиологиялык санитардык абалды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Жакып Айдаровдун айтымында, лабораториялык изилдөөлөр балдардын арыктагы суудан ууланганын ырастаган жок:

- Эгер суудан болгондо балдардын ичи өтүп, денеси ысымак. Бул жерде башкача бир химикат, же дарыдан ууланды деген ойдо калдык.

Балдардын ата энелери санитардык эпидемиологиялык бөлүмүнүн кызматкерлери көчөлөрдөгү тазалык каралбагандыктан жана алар өздөрүнүн жумуштарын тиешелүү деңгээлде аткарбагандыктан ушундай көрүнүштөр болууда деген пикирде:

-Негизи мурда эле каралса болмок. Арыкка ар кандай нерселер төгүлөт, ооруканадан шприцтер агып келет экен, балдар ошону менен ойношот, - дейт Бектурдун апасы Элиза Узубекова.

Талас шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Гүлбарчын Төрөбекова балдар дарыдан ууланышты деген божомолго кошула албастыгын айтты:

-Бизди тынчсыздандырган нерсе, дагы ушуга окшогон көрүнүштөр, фактылар кайталанып, чоң кишилерби, балдарбы, малбы, ушундай уулануу болбосо экен деп айтып атканыбыз. Анткени баардыгын изилдеп келгенде балдар ичкен арыктын суусунда уулуу заттын болушу мүмкүн.

Бул боюнча облустук администрациянын алдында атайын комиссия да түзүлдү. Комиссиянын максаты баардык агын суулардын чыгышын, аларга кайсыл жактан ыплас, кир, уулу заттар сууларга куюлуп жатканын далилдеп ошол терс көрүнүштөрдү жоюу болуп саналат.
XS
SM
MD
LG