Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Алмаз Атамбаев: Ууру бийликтин аягы жакшы бүтпөйт


СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаев бийликти шайлоону бурмалап, элди коркутуп-үркүтүү максатында бейкүнөө адамдарды камап жатат деп айыптоодо.

- Алмаз мырза, социал-демократтар партиясы, дегеле оппозиция өкүлдөрү Балыкчыда камакта жаткан 14 адамды бошотуу үчүн кандай аракеттерди көрүп атасыздар?

- Бул маселени, албетте, күнүгө карап атабыз. Мен өзүм да барып келгем, менден кийин Отунбаева да барды. Мына эртең деле өзүм баш болуп 4-5 депутат кетип атабыз Балыкчыга. 14 киши баары тең, 12 жигит, эки кызыбыз тергөө камагында. Камалган 14 адамдын эч кандай күнөөсү жок.

Конституциялык түзүлүштү бузуу, башаламандык деген болбогон нерселерди жабыштырып атыптыр. Тырмактай Балыкчыдан кантип конституциялык түзүлүш өзгөрөт. Андай болсо 2005-жылы Жалал-Абатты, Ошту, Акүйдү алгандарды Бакиевин баш кылып, Атамбаевин төш кылып камаш керек да анда.

Биз билебиз да Ошто, Жалал-Абатта эмне болгонун. Керек болсо Жалал-Абатта Улуттук банктын филиалы тонолуп, Акүй алынган. Ошолорго жабыштырса бир жөн, анан кийин тырмактай Балыкчыда 14 кишини конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылган деп күнөөлөгөнү шылдың нерсе.

Бир мисалды айтып атыптыр, шайлоого тоскоолдук кылган деп. Шайлоого тоскоолдукту ким кылды? Бийлик кылды. Көрдүк да. Керек болсо бүт башаламан жасалып, шайлоонун жыйынтыктары тескери чыгарылды. Андай болсо ошол 14 кишини камабай, бийликти баш кылып, БШКны төш кылып ошолорду камаш керек да. Мындай бир күчкө салып, мыйзамдарды бурмалоо, мунун аягы жакшы бүтпөйт бул бийлик үчүн.

- Алмаз мырза, ошол кармалгандардын жаш өзгөчөлүгүн карап көрсөк, көбүнчөсү жаштар экен. Ушуларга конституциялык түзүлүшкө каршы өзгөртүүгө аракет кылышкан деген айыптын тагылышын дегеле силердин партия кандай баалап атат?

- Эми бул бийликтин бети жоктугу деп баалап атабыз, бул бир ууру бийлик болбодубу. Азыр деле бийликте ууру жол менен отурат. Шайлоо кандай бүткөнүн билебиз да. Ошондуктан булардан эмне күтсө болот.

Бул жөн эле Ноокатка окшотуп элди коркутайын деп атат. Орозо айы келатат, бүрсүгүнү орозо башталат. Ошону дагы унутпаш керек. Орозо кармагандар, кудай дегендер бир жылдан бери түрмөдө отурат да жөнү жок эле. Бул балдарга деле жөн жерден эле шылтоолорду ойлоп таап, камайын деп атат. Биз буга жол бербейбиз, аягына чейин күрөшөбүз.

- Жакында эле сиздердин партия менен “Ата мекен” партиясын бириктирүү жолдорун кароо тууралуу сөздөр жүрдү. Бул боюнча иштер кандай жүрүп атат?

- Бул боюнча биздин партия даяр. Билбейм эми, “Ата Мекен” чечим алыш керек эми. Мен партиянын атынан төрагасы катары айттым, биз кирүүгө даярбыз, керек болсо мен деле лидерликти талашпайм дедим.

Негизи азыр Кыргызстан экиге бөлүнбөдүбү, бийликтин талапкерлери “Ак жолбу”, “Кан жолбу” - бийликтин партиясына киргендер. Эл тарапта болгондор - кичине турмуш оңолсун дегендер.

Ошон үчүн элдин башын айлантпай, албетте, оппозиция бир чоң партия болсо башкача болмок баардыгы. Биз ошондой сунуш кылдык. Өмүрбек Чиркешович деле бул биздин сунуштарды колдоп атат, бирок негизи ал киши жалгыз эмес да, тегеректегилери менен чечет го.

XS
SM
MD
LG