Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Бишкекте жакында он миң адамдык мечит курулат


Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет. Аталган мечит Жибек-Жолу көчөсүндөгү “Ысык-Көл” кино театрынын аркасындагы аянтта курулганы турат. Учурда мечитти куруу үчүн диний жөрөлгөлөр жасалып, кан чыгарылып, куран окулду.

Адистердин айтымында, аталган мечит келечекте Борбор-Азиядагы эң ири мечиттердин бирине айланат. Анын курулушуна 3 миллион АКШ доллары керектелет. Буга чейин аталган мечиттин схемасын иштеп чыгууга архитекторлор арасында конкурус жарыяланып, жеңүүчүсү да аныкталган. Аталган мечит он миңден ашуун адамга эсептелген. Учурдагы борбордук мечиттин аянтына беш миңге жетпеген адам батат. (IJz)

XS
SM
MD
LG