Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Уйгур лидеринин туугандары тынчсызданууда


Уйгур лидеринин туугандары алардын үйү бузулаарын билдиришти. Вашингтондо сүргүндө жашаган Ребия Кадеердин Үрүмчүдөгү 30 чакты урук-туугандары жашаган үйлөрдү Кытай бийликтери буздурууга буйрук берген. Алардын айтымында, кезегинде Кадырга тийешелүү болгон эки соода түйүнү да жок кылынмакчы. Бул маалыматка көз карандысыз ырастоо боло элек. Кытай бийликтери Рабия Кадырды өткөн айдагы Шинжаңдагы толкундоолорду шыкактады деп күнөөлөгөн. Кадыр бул айыптоону четке каккан. Кытайлар менен уйгурлардын кагылышуусунда 200 чакты кишинин каны төгүлүп, 1600 чактысы жараат алган.

XS
SM
MD
LG