Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Жалал-Абаттын губернатору Камбар - Ата 2 ГЭСинде болду

Кошбай Масиров куруучулар менен жолугушуп, гидротүйүндүн курулуш мөөнөтүнүн артта калып жаткандыгын белгиледи. Курулуштун жүрүшүнө ичи чыкпаган областтык губернатор электр жумуштары менен курулуш материалдарын Камбар-Ата 2  ГЭСине жеткирүү жакшы жүрбөй жаткандыгын айтты. Курулуштун башкы деректири Альберт Абазбеков гидротүйүндү тургузууда 12 мекеме-уюм жана 2 миң жумушчу иштеп жатканын, 15-октябрга дейре бетон куюу иштери жасалып, андан кийин курулуштун биринчи агрегатын орнотууга киришеерин билдирди. (YA)
XS
SM
MD
LG