Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Карзай ооган элине ыраазылык билдирди


Президент Карзай ооган элин талиптердин коркутууларына карабастан, добуш берүүгө катышканын жогору баалады. Бийликтер президенттик жана жергиликтүү шайлоолор тынч өткөнүн, бирок жалпы катышуучулардын санын айтуу эртерек кыларын айтууда. Жер-жерлерде кооптуу окуялар болду, анын ичинде Баглан шаарындагы кагылышта 22 кишинин өлүгү чыкты, бирок жалпысынан кырдаал тынч болду. Мамлекет башчысына шайлоодо учурдагы Хамид Карзай эң көп колдоого ээ болот деп күтүлүүдө. Мурдагы финансы министри Ашраф Гани жана мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла Карзайдын башкы атаандаштары саналат. Эгер эч ким добуштардын жарымынан ашыгын ала албаса, экинчи айлампа октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG