Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

А.Бекназаров: Репрессиялык режимге - революциялык мамиле


БЭК уюштуруу жана каржы маселелериндеги өксүктөрдөн арылып, бийликке ашыкча эле цивилдүү боло бербей, анын өзүнө жараша адекваттуу мамиле кылууга өткөн жатат.


Бириккен Элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров "Азаттыкка" маек куруп, оппозициялык бириккен кыймылдын өксүгөн жана аксаган маселелерин ачык айтып, жаңылануунун кандай жол менен кетери жөнүндө айрым ойлорунун чекесин чыгарды.

- БЭКтин талуу жерлери кайсылар болду?


- Талуу жерлери ар кандай саясий көз караштагы саясатчылардан куралган кыймыл экендигинде. Келип-келип эле кээ бир учурларда тигил же бул принципке туруп алышат, же өзүнүн кызыкчылыгын кыймылдын максатынан бийик коюп алат экен. Ошон үчүн БЭКте бир партиянын астына биригейли деген сөз бекеринен чыгып жаткан жок.

Экинчи талуу жер - каржы маселеси. Учурдагы оппозиция лидерлери жалаң төш саясатчылар. Чынын айтканда президенттик шайлоонун акыркы финалдык жарышында финансылык абал оппозициянын кендирин кесип койду деп так айта алам. 18 жылдан берки биздин шайлоо системасы элди кой союп, арак куюп берип акчага көндүрүп коюптур.

Үчүнчүсү БЭКтин ичинде уюштуруу маселесинде да кемчилик кетип калды. Бул бирөөнүн акчасына башка бирөө кожоюн боло албайт экен. Мисалы акча чыгарып жаткан киши “мен чыгарып жатам, мен чечем” деген пикирин айтып, тигил же бул пикир кыймылдын максатынан да бийик болуп калат экен. Каалайбызбы-каалабайбызбы элдин берген добушун биз сактап кала албадык. Болгон факт ушул. Буга тарых өзү баа берет.

- Жаңылануунун тактикалары иштелип жатабы?

- Жаңылануунун тактикалары негизинен даяр. Бул практикадан келип чыгып отурат. Буга чейинки Бакиевдин мезгилиндеги шайлоо референдумдар, акыркы президенттик шайлоо бизге көп нерсени берди. Бүгүн иш жүзүндө хандык мамлекет орноп калды.

Ошондуктан, чынын айтыш керек, биздин революциялык кыймылга каршы дайыма “биз цивилизациялуу коомдо жашап атпайбызбы. Биз БУУнун мүчөсүбүз. Революциялык жол демократиялык принциптерге каршы келет “ деп айтып жатышпайбы. Ошол эле учурда бийлик адамдардын шайлоо укуктарын бузуп, зомбулук, кармап-камоолорду көрсөтсө да бул цивилизациялуу көрүнүш катары чечмелениши керек экен.

Ошондуктан биз тактикабызды өзгөртүшүбүз керек деп чечип жатабыз. Бийликке жараша адекватуу мамиле жасашыбыз керек болуп жатат. Биз азыр, мындайча айтканда, өтө эле лоялдуу боло бергенден бир аз өйдөрөөк бололу деп жатабыз. Өзүбүздүн укук үчүн, эркиндик үчүн колдон келген баардык күч-аракеттерди жүргүзө алабыз.

XS
SM
MD
LG