Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Пакистанда ракета соккусунан жети адам мерт болду


АКШнын учкучсуз учагыныкы делген ракеталык сокку Пакистандын Ооганстан менен чектеш түндүк –батыш аймагына жасалган. Андан кеминде жети адам мерт болду. Маалымат агенттиктеринин чалгын кызматтарынын расмий адамдарына шилтеме жасап билдиришкенине караганда, учкучсуз учак Түндүк Вазирстандын уруулар жашаган Миран Шах чөлкөмүнүн бир кыштагында талибдер жашырынып жүрөт деген жерди бутага алган. Учкучсуз учактан жасалган ракеталык сокку ушул айдын башында, кабарларга караганда, Талибандын Пакистандагы лидери Байтулла Мехсудду жок кылган.

XS
SM
MD
LG