Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Ирандын өзөктүк программасы сентябрда талкууланат


Орусиянын тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын дипломаттары Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалды талкуулоо үчүн 2- сентябрда жолугат. Бул маселе орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун бейшемби күнкү телефон сүйлөшүүсүндө сөз болгон. Өткөн айда Чоң жыйырмалыктын тобуна кирген өлкөлөрдүн лидерлери Иранга өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө көнүүсү үчүн сентябрга чейин убакыт берип, болбосо эл аралык жаңы санкцияларга кабылуусу мүмкүн экенин эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG