Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Жалал-Абатта экс-депутаттын уулунун сөөгү коюлду


Ишкер Бактыяр Амиражановдун сөөгү 20- августта Сузак районундагы өзү туулуп -өскөн Винсовхоз айылында жерге берилди. Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда, маркум менен коштошууга адам көп катышып, анын Москва шаарында кыргыздардын «Биримдик” аттуу коому менен «Мекен биримдиги» партиясын түзгөндүгүн, Орусияда улутташтарын жумушка жайгаштырганын жана эл-жерине кайрымдуулук көп иштерди жасаганын белгилешти. Тажияда сүйлөгөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбеков баласын өлтүргөндөрдү издеп табаарын, уулунун Москвада изилденген ДНК анализине ишенбей коюуга аргасы жок экендигин билдирген. Бактыяр Амиражанов былтыр 26- августта дайынсыз жоголгон, анын сөөгү жакында Чоң-Кемин капчыгайынан табылган. Экс-депутаттын уулун өлтүргөн деген шек менен үч адам кармалган. (YA)

XS
SM
MD
LG