Бүгүн Тайванда “Моракат” бороонунун курмандыктарына үч күндүк аза күтүү каадасы башталды. Буга байланыштуу Тайванда мамлекеттик желектер түшүрүлүп, бийлик өкүлдөрү набыт болгондорду эскерүүгө арналган диний жөрөлгөлөргө катышууда. 2 апта мурда Тайванда катуу бороон болуп, бери дегенде 500 киши мерт кетип, алыскы кыштактардагы миңдеген адамдар бир нече күн курчоодо калган.