1791-жылы Гаити менен Сан-Домингодогу кулдардын көтөрүлүшү жана кулчулук системасын жоюу процессинин башталышына байланыштуу ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин 150-сессиясынын сунушу менен 23-август кулчулукка сатуунун курмандыктарын жана аны жоюуну эскерүү күнү катары белгиленип келет. (International Day for the Remembrance of the Slave Trade and Its Abolition). БУУнун маалыматына караганда кулчулук доору жоюлганы менен дүйнө жүзүндө жылыга миллиондогон адамдар алданышып “тирүү товарга” айланышып, кыйноолорго дуушар болушат. Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. “Жаңыча кул соодасы” азыркы доордун кеңири жайылып бараткан орчундуу проблемасы болуп баратканы айтылууда. "Сезим" кризистик борборунун жетекчисинин орун басары Наталья Павлова Кыргызстандын атуулдарын, айрыкча кыз-келиндерди алдап, чет өлкөлөргө жумуш сунушташып сатып жиберген фактылар бар экендигин, алардын курмандыктары кризистик борборго келип калыбына келтирилерин билдирди. (AJ)