Грек башкалаасы Афинанын түндүк –чыгыш ыптасында жума күнү тутанган өрт көзөмөлдөн чыгып, бир топ турак үйлөрдү, миңдеген гектар токой жана айдоо аянтарын каптады. Натыйжада Афинанын чет жакасынын миңдеген тургундары үй- жайын таштоого аргасыз болушту. Өрт өчүргүчтөр бир жагынан шамал күч алдырып жиберген өрттү токтотуу аракетин көрүшүүдө. Италиядан Франция жана Кипр жардамга өрт өчүрүүчү авиатехникаларын жөнөттү.