Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:05

Энергетикалык кызматкерлерге кылмыш иши козголду


Үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда Панфилов районундагы энергетикалык ишкананын эки кызматкери оператордук бөлмөгө жашырынып кирип, абоненттердин маалымат базасына дебитордук карыздар боюнча мыйзамсыз оңдоолорду киргизишкен. Алар 116 абоненттин пайдаланган электр энегиясы үчүн эсептелген сумманы 154 028 сомго азайтышкан. Учурда тергөө иштери Чүй областына караштуу Панфилов районунун прокуратурасында жүргүзүлүүдө. Бул жөнүндө Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.(AzK)
XS
SM
MD
LG