Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Кыргызстан абактарында өлүм көп болуп жатат


“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан абактарында киши өлүмү көп болуп жатат. Акыркы эки жылда кургак учуктан 70 киши, ал эми себепсиз 30 киши набыт болгон. Себепсиз набыт болгондорду бийликтер көбүнчө суицид же өзүн-өзү өлтүрдү деп берип жатат. Өкмөт абактардагы абалга катуу көңүл бөлүп, ал жерлерде адамдардын конституциялык укуктарын камсыз кылыш керек деген Исмаилова, бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш, өкмөткө атайын кайрылуулар даярдалып жатканын кошумчалады.(AiT)

XS
SM
MD
LG