Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:26

Кыргызстанда чочко тумоосу катталды


24-августа өкмөттүн жыйынында өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Сабыржан Абдикаримов Кыргызстанда чочко тумоосу менен эки адам сыркоолоп калганын билдирди. Маалыматка караганда, республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 18-августа жубайлар кайрылып, тумоолоп жатканын билдиришкен. Текшерүүдө экөөнө тең чочко тумоосун пайда кылуучу вирус жукканы айкындалган. Ошондой эле тумоологон М.А. 10-14-августа Дубайда болгону, ал жактан учак менен Алма-Атага учуп, унаа менен Бишкекке келгени такталган.(AiT)
XS
SM
MD
LG