Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Полшада пост-коммунисттик алгачкы өкмөткө 20 жыл


Тадэуш Мазовецки парламентте бекигенден кийин, министрлердин али бош ордунан депутаттарга кол булгаган.12-сентябр, 1989-жыл
Тадэуш Мазовецки парламентте бекигенден кийин, министрлердин али бош ордунан депутаттарга кол булгаган.12-сентябр, 1989-жыл

24-августта Полшада пост-коммунисттик тунгуч өкмөткө 20 жыл толууда. Активист-журналист Тедэуш Мазовецки жетектеген өкмөт түзүлөөрдөн эки ай мурда "Боордоштук" кесиптик кошууну демократиялык шайлоону басымдуу көпчүлүк менен жеңип алган эле.

1989-жылдын жай айлары Борбордук жана Чыгыш Европада кыйроонун жана жаңылануунун мезгили эле.

Август айында ал кездеги советтик Балтиянын үч республикасында эки миллион киши кол кармашып, Экинчи Дүйнөлүк согушка чейин Москва менен Берлиндин жең алдынан келишим түзүп, Балтияны советтик таасир чөйрөсүнө каратылганына нааразылык билдиришкен. Адам чынжыры ошондо үч өлкөнүн аркы кыйрынан берки кыйрына өткөн.

Ушул эле айда Венгрияда оппозиция «бүт европалык пикник» уюштуруп, анын мезгилинде жүздөгөн чыгыш германиялык жарандар Темир көшөгөнү тешип, Батышка тоскоолдуксуз агылган.

Ал эми Варшавада Польшанын көз карандысыз Боордоштук кесиптик кошуунуна мүчө журналист өлкөнүн жаңы жетекчиси болуп калат. Диссидент, "Боордоштук" кесиптик кыймылынын гезитин редакциялаган Тадэуш Мазовецкинин шайланышы Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Чыгыш жана Борбордук Европадагы алгачкы коммунист эмес адамдын лидерликке келиши эле.

Мазовецки парламентте полша коомундагы бөлүнүп-жарылууну жою максатын көздөөрүн мындайча баяндаган:

- Мен коомго, улутка, өлкөгө көмөкчү боло турган өкмөт түзгүм келет. Өкмөт башчысы Польша элине эч кимди ала көрбөй, баардыгына кызмат кылышын каалайм.

Буга чейин узак сүйлөшүүнүн жыйынтыгында "Боордоштуктун" жетекчилиги өкмөт менен парламенттеги орундардын үчтөн бири 4-июлдагы шайлоодо эркин добуш берүүдө шайлансын деген макулдашууга жетишкен. Ал шайлоодо аталган орундардан бирөө гана коммунистке тийген, калгандары бүт көз карандысыз талапкерлерге арткан. Сентябрда Мазовецки өкмөт башчылыгына көрсөтүлгөндө, аны парламент сессиясында катышып отурган 402 депутат бир добуштан колдогон. Анткени, "Боордоштук" кыймылынын соңку ийгиликтеринен кийин, коммунисттер да Мазовецкийди колдоону туура табышкан.

Ушул эле жылдын ноябрында Берлин дубалы талкаланып, Европа кайра бириккен. Ондогон жылдар бул өлкөлөрдү өз көзөмөлүндө кармап келген Советтер Союзунда кыйроо жана жаңылануу дооруна дагы эки жылдай убакыт бар эле.

Сырткы дүйнө үчүн коммунисттик блоктун кыйрашындагы чечүүчү көз ирмем Берлин дубалынын кулашы болуп калган. Бирок Польшада көпчүлүк Мазовецкидин өкмөт башына келиши Европада коммунизм кыйрап, демократия орногон көз ирмем деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG