Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Террорчунун абактан бошотулушу талкууланууда

Шотландиянын Адилет министри ливиялык террорчуну абактан бошотуу чечимин колдоорун билдирди. Министрликтин катчысы Кенни Мухкансил бул тууралуу парламентте билдирди. 1988-жылы Локерби шаарчасында америкалык жүргүнчү учактын жардырылышына тийешеси бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Абделбасет ал-Меграхи өткөн аптада Шотландиянын соту тарабынан бошотулуп, Ливияга кайтып келген. Аны өз өлкөсүндө баатыр катары тосуп алышты. АКШ ал-Меграхини бошотуу чечимин кескин сынга алды. Локербидеги жардыруудан улам 270 киши набыт болгон.
XS
SM
MD
LG