Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Бен Бернанке экинчи мөөнөткө кайра дайындалат


АКШнын Улуттук банкы болгон Федералдык резерв системасынын төрагасы Бен Бернанке экинчи мөөнөткө кайра дайындалат. Буга байланыштуу билдирүүнү бүгүн президент Барак Обама жасайт деп күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, өз сөзүндө Обама каржы кризисинин шарттарындагы Бернанкенин ишин жогору бааламакчы. Обаманын баамында, Бернанке өткөн жылы күзүндө экономикадагы төмөндөөнү токтотуп, өлкөнү кризистин сазынан алып чыгууга жетишти. Бернанке мурдагы президент Жорж Буш маалында эле бул кызматты ээлеген. Бернанкенин дайындалышы АКШ Сенаты тарабынан тастыкталуусу абзел.

XS
SM
MD
LG