Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Кабулда шайлоонун алгачкы натыйжалары жарыяланат


Кабулда бүгүн президенттик шайлоонун алгачкы натыйжалары жарыяланат деп күтүп жатышат. Бүгүн болжол менен добуштардын 10 пайызынын жыйынтыгы жарыяланышы мүмкүн. Толук жыйынтык 3-сентябрда жарыяланаары күтүлүүдө. 20-августта өткөн шайлоодон кийин негизги атаандаштар – учурдагы президент Хамид Карзай менен мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла – экөө тең өздөрүнүн жеңишке жетишкенин жарыялашкан. Доктор Абдулла шайлоодо одоно бурмалоолорго орун берилди деп, Хамид Карзайды айыптоодо. Бириккен Улуттар уюмунун Ооганстандагы чабарманы Кай Эйде талапкерлерди шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар тууралуу арыздар текшерилип жаткан маалда сабырдуулукка үндөдү.

XS
SM
MD
LG