Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Иранда реформачыл саясатчыларды соттошууда


Бүгүн Иранда бир нече белгилүү реформачыл саясатчылардын соту башталды. Жоопко тартылгандардын көбү мурдагы президент Мохаммад Хатаминин маалында, 1997-жылдан 2005-жылга чейин кызматта болушкан. Алардын ичинде Чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Саид Хажжариан да бар. Расмий маалымат каражаттарынын кабарлашынча, аларга 12-июнда өткөн президенттик шайлоодон кийин улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан аракеттерди жасашкан деген айып коюлууда. Иранда мындай берене менен айыпталган киши өлүм жазасына буйрулат. Оппозиция бийлик мындай “көрсөтмө сот” аркылуу калкты коркутууда деп эсептеп, бул сот жараянын айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG