Бул тууралуу операны коюуучу түркиялык режиссер Афлатун Неймадзаде кечээ маалымат жыйынында билдирди. Ал кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артисттеринин жогорку чеберчилигине баа берди. “8-9-сентябрда “Көр оглу” операсынын бет ачары болот. Аталган чыгармага 300гө чукул артисттер катышат. Алардын 200гө жакыны кыргыз артисттери. Ошондой эле Түркия,Казакстан, Азербайжан, Татарстандан артисттер чакырылган. Бул кыргыз опера жана балет искусствосундагы чоң жаңылык”,-дейт аталган театрдын башкы хормейстри Карагул Тиленчиев. Маалыматка караганда, бул спектакль эл аралык Түрксой уюмунун 15 жылдыгына арналып, 500миң доллар өлчөмүндө каражат жумшалмакчы. "Көр оглу" операсы Казакстан, Түркияда дагы көрсөтүлүшү күтүлүүдө.(AJ)