Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

АКШ бюджетинин тартыштыгы кийинки 10 жылда көбөйөт


2010-2019 –жыл боюнча мындай божомолун кечээ Ак үй жарыялады. Жаңы эсептөөгө караганда, бул жылдардын баарын кошконо бюджеттеги таңкыстыктын жалпы көлөмү 9 триллион долларга жетүүсү мүмкүн жана бул мурдагы эсептөөдөн эки триллион долларга көптүк кылат. Жаңы божомолго караганда, ошондой АКШнын учурда 11 триллион долардан ашкан улуттук карызы 2019 –жылга чейин эки эсеге көбөйүүсү ыктымал. Бюджет боюнча жаңы эсепттер өлкөдөгү фискалдык абал боюнча саясий талкууларга май тамызары, ал эми президент Барак Обманын администрациясынын сынчылары аны саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү пландарын токтотууга чакырары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG