Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Балыкчы окуясы боюнча тергөө аяктады


Учурда иш менен Балыкчы окуясында камакка алынган 14 кишинин адвокаттары таанышып жатат, деп маалымдады “Азаттыкка” жактоочулардын бири Сартбай Жайчыбеков. Анын айтуусунда Балыкчы окуясына байланыштуу иш эмки жумада сотко ашырылышы ыктымал.

23-июлда болгон президенттик шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктарга нааразылык билдирген 14 адамга шайлоону өткөрүүгө бут тосууга аракет кылды, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди деген айыптар менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Камалгандардын жакындары жана жактоочулары алар жөн гана шайлоонун мыйзымсыз өтүп атканын расмий билдирели деп гана чыкканда милиция сабап кармап кеткен, ошондуктан, алардын үстүнөн козголгон кылмыш иши мыйзамсыз деген кайрылуусун президент К.Бакиевге жолдошкон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG